Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Билим берүү министрлигин текшерсек, көп чуу чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Окт 2018 | 6003 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги кадрларын окутууга 44 млн сом каражат жумшаган. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

« Бюджетте таңкыстык болуп жатканына карабай мамлекеттик кызматкерлер 698 млн сомдук каражатка чет өлкөгө чыгышкан. Эмне үчүн кадр кызмат бул боюнча президентке сунуш бербейт?», — деди Молдокматов.

Ал  мамлекеттик кадр кызматы формалдуу түрдө гана иштеп калганын айтып, сынга алды. Парламенттеги депутаттар аталган кызматты иштетпей жатканын да айтты.

«Кызматкерлерди дайындагандарда жоопкерчилик жок. Мисалы, Социалдык өнүктүрүү министри боюнча өкмөт башчы же Жогорку Кеңеш же болбосо Мамлекеттик кадр кызматы үн каттыбы? Жок. Министрлер өз кызматкерлерине жооп бербейт. «Эмне кыла аласың» деп арыз жазып, жумуштан кетип жатса эмнеге чара көрүлбөйт?«, — дейт Молдокматов.

Ал өнүгүүнү билбей, айлык акысын күтүп отурган аткаминерлер көп экенин айтып, иштегиси келбеген адамдарды кызматтан алып, ордуна жаңыларын коюу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM