Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Газпромдун» дагы бир тейлөө борбору ачылды

Коом | 11 Окт 2018 | 1041 | 0

Бишкек шаарындагы  дагы бир райондун жашоочулары  көгүлтүр отту турак-жайга киргизүү жолдорун оной чече алышат. Анткени «Газпром Кыргызстан» ишканасы кардарлар үчүн тейлөө борборун ачты.

Свердлов районунун 65 жаштагы  тургуну Самира Усупбаева жер которуп келгенине бир жылдын жүзү болду. Ал мурдагыдай эле турак-жайына газ киргизип, күнүмдүк тамак ашты камдап алат. Бирок ага акы төлөй келгенде атайын кеӊеселерге барыш керек эле. Эми болсо райондун айланасындагы калкты тейлей турган борбор ачылып,ыңгайлуу шарт түзүлдү.

-Электр жарыгына караганда газга акча төлөө бир топ арзан түшөт. Качан болбосун үйдүн ичи жылуу, тамак бышыруу оңой, эӊ жакшы экен. Биз бул районго келип үй сатып алганыбызга бир жыл болду. Мурда абонетттик төлөмдөрдү контролер кыздар жазып кетчү эле, биз «Газпромдун» өзүнө барып төлөчүбүз. Эми бул жактагы кеӊсеге келип,  канча акча чыкса ошону оӊой эле төгүп коебуз. Бул четинен жакын, экинчи жагынан пайдалуу.

Усупбаева сыяктуу эле Свердлов районунун жаӊы конуштардын жашоочулары ай сайын акы төлөмдөрдү, газга кошулуу, жабдууларды алмаштыруу сыяктуу маселелерди чечүүгө шарт түзүлдү.  Анткени «Газпром Кыргызстан» ишканасы  Бишкек шаары боюнча 6  калкты тейлөө борборун ачты. Эми кыш түшкөнгө чейин газ түтүктөр жеткен жерлердин жашоочулары тез арада киргизип алуу зарыл экенин акимдин орун басары Турат Айдаров билдирди.

-Көгүлтүр отту биз толук колдонушубуз керек. Буга тургундун өзүнүн жана техникалык паспорту керек. Эгер чоӊ үйү бүтө элек болсо, убактылуу жашай турган чакан турак-жайына газды кошсок болот. Ушул сыяктуу бардык суроолор боюнча жаӊы ачылган тейлөө борборуна келип, бардык маселесин чечип кетүүсүн өтүнөбүз. Жакында кыш келе жатат, ошого өздөрүнө ыӊгайлуу шарт түзсө деген ойдобуз.

Тагыраак айтканда, «Газпром Кыргызстан» ишканасы борбор калаанын  Жибек – Жолу менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине калкка кызмат көрсөтүүчү кеӊесесин ачты. Кардарлардын меселесин чечүүгө иш күндөрү саат 8:00дөн 17:00гө чейин кызмат көрсөтөт. «Эми газга болгон мындай тейлөөлөр шаардагы айрым кичи райондорго да ачылса жакшы болмок» деген пикирлерин жашоочулар белгилеп өтүштү.

-Жаратылыш газы боюнча ушундай тейлөө борборлорду эми башка соода борборлорго да ачып койсо жакшы болмок.

-Биз Туӊгуч кичи районунда жаӊы курулган үйдө жашайбыз. Айрыкча электр жарыгы өчкөндө газ бизге аябай эле керек болот.

-Кыш учурунда электр жарыгы абдан көп өчө баштайт. Ошондо газ болсо жакшы болмок. Негизи адам баласы баарына көнөт экен. Бизде газ түтүктөрү жок. Учкун кичи районуна да өткөрүп, ошол эле учурда калкты тейлөө борборун ачып берүүнү сунуштайт элем.

Андыктан мындай кайрылууларды «Газпром Кыргызстан» компаниясы көмүскөдө калтырбайт. Анткени алдыңкы жылда жасай турган иштердин башкы схемасы түзүлүп, 2030-жылга чейин өлкөнүн аймактарына да газдаштыруу планы бар экендигин аталган компаниянын директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев маалымдады:

Биз Бишкек шаары боюнча калкты тейлей турган 6-кеӊсени ачып жатабыз. Бүгүнкү күндө газдаштырууну  абоненттерге көбөйтө баштадык. Андан сырткары Чүй өрөөнү, түштүк аймактары боюнча заманбап түрдө калкка кызмат көсөтүүчү борборлорду ачууга анализ жүргүзүп жатабыз. Албетте, башка региондорго да жаратылыш газын жеткирүүгө аракет кылабыз. Бул боюнча 2030-жылга чейин өкмөт менен бирдикте план койгонбуз.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы менен «Газпром Кыргызстан» ишканасы тарабынан 2017-жылы 400 чакырым узундуктагы газ түтүгү курулуп, 20 миңден ашык үйдү өзүнө камтыган 100 миңден ашык абонентке газ жеткирилген. Ал эми быйыл компания 10 конушка газ киргизүү боюнча план бекиткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM