Биз менен байланышыңыз

АРИСтеги чыр таза суу долбооруна терс таасир этиши мүмкүн

Коом | 9 Окт 2018 | 1174 | 0

Өлкөнү таза суу менен камсыздоо программасы үзгүлтүккө учуроо алдында турат.  Бул тууралуу АРИСтин байкоочу кеңешинин мүчөсү Анара Дауталиева айтып чыкты.

«Ала-Тоо булагы» программасы үзүлтүккө учураганы турат. АРИСке жаңы дайындалган аткаруучу директорго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, жумуштан кеткендердин саны өсүп жатат. Мындан улам эл аралык донорлор таза суу үчүн каражат бөлүүнү токтотоорун АРИСтин байкоочу кеңешинин мүчөсү Анара Дауталиева айтып, президентке кайрылуу жолдоду.

Азыр АРИСтин портфелинде 132 млн доллар бар. Өзүнө тогуз долбоорду камтыйт. Анын ичинде 94 млн доллары таза суунун долбоорлору түзөт. Бирок бул жакта башкаруу өтө начар. Айтиевдин деңгээли областык эле координаторго татыктуу экенин Бүткүл Дүйнөлүк банк айтып чыкты.   

2018-жылы бул кызматка Бекполот Айтиев дайындалган болчу. Андан бери жыл айланбай, жетекчи тажрыйбасыз деген жүйө менен кызматкерлер жумуш таштоодо.

Бул маселе боюнча АРИСке байланышканыбызда маалымат так эмес экенин айтып, азыркы тапта жамаат менен жыйын өтүп жатканын гана маалымдашты.

-Бул маалымат так эмес. Азыр жетекчилик менен жыйын болуп жатат. Башка эч нерсе айта албайм.

Жаңы жетекчи менен кызматкерлердин ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Бул боюнча маалымат  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментине  Бүткүл дүйнөлүк  банктан телефон аркылуу билдиришкен. Муну департаменттин директору Аскарбек Токтошев айтып, маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Анткени айылдарды таза суу менен камсыздоого каражатын салам деген эл аралык уюмдар каражат берүүдөн баш тартуусу мүмкүн.

2009-2016-жылга чейин бизде бул багытта долбоор токтоп калды. Буга коррупциялык көрүнүштөр себеп болду. Биз кайрадан донорлорду тартыш үчүн көп убактыбызды кетирдик. Бизге ишенбөөчүлүк бүгүнкү күнү дагы бар. Эгерде эл аралык уюмдар бул маалыматтарды билсе, дагы каражат берүүнү токтотуп коюшу мүмкүн.

Бирок мындан өтө чоң саясатты издөөнүн кереги жоктугун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары,  экология жана регионалдык өнүктүрүү  боюнча комитетинин төрага орун басары Рада Туманбаева айтат. Анткени буга чейин кеткен кемчиликтерди жою үчүн жаңы саясат менен иш алып барылууда.

Акыркы убакта бул программаны алып барууда көз караштар өзгөрдү. Акыркы жылдан бери таза сууга бөлүнгөн каражаттар кайрадан көбөйүп жатат. 400дөн ашык айыл өкмөттөр 2026-жылга чейин толук таза суу менен камсыз болот. Бул багытта департаменттин аракети жакшы. Буюрса алгылыктуу иштер башталды. Анткени көзөмөл күчөтүлдү.
Кошумчалай кетсек, өлкөдө  «Ала-Тоо булагы» программасынын негизинде 2 жыл ичинде 115 айылга таза суу берилери кабарланган. Учурда 22 шаарда таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Ага 193 млн евро каралган. Бишкек шаарына бир топ акча тартылып, 2017-жылдын соңунда 16 жарым млн евро бөлүнүп берилген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM