Биз менен байланышыңыз

Бурулайдын өлүмү боюнча сот отуруму өттү

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 919 | 0

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча иш каралды. Анда Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марсбек Бөдөшов кызды эки жолу ала качып кеткенин моюндады. Бирок ал аны бычактап өлтүрбөгөнүн айтууда.

Аны менен кошо Акмат Сеитов да бул окуяга айыпталууда.

Соттук отурумда жабырлануучу тараптын адвокаттары эки млн сом өлчөмүндө кенемте талап кылышты.

Эске салсак, 29-майда Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын, аны ала качып баратканда кармалган жаран мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салып, бейтапканага жеткирилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM