Кыргызстанда 3-февралга карата коронавирус 243 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 10 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 617 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 961 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 181 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 962 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 893 адам каза болду.