Connect with us

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10,2 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 477 | 0

Бүгүн, 29-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 219 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 174 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 640 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM