Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары жолугушту

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 309 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан «Европа Биримдиги жана Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшканын Акылбек Жапаров белгиледи.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы соода жүгүртүүнүн ырааттуу түрдө өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденциясы, эки тараптуу байланыштын активдештирилиши байкалды. Бирок ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке ашырыла элек.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында дүңүнөн бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргыз жарандары үчүн Казакстандын жер үстүндөгү өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки республиканын тармактык министрликтери карап чыгышат.

Copyright © 2017 Maral FM