Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунда үч күндө 29 мас айдоочу аныкталды

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 379 | 0

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында аптанын демалыш күндөрү өткөрүлүп жаткан «Бахус» рейддик иш-чарасынын алкагында, 29-октябрынан 31-октябрына чейинки үч күн аралыгында жалпы 516 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.

Анын ичинен 29 айдоочу унааларын мас абалында, 155 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 14 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок айдаганы аныкталды.

Ошондой башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 318 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 43 автоунаа атайын айып төлөө жайына коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM