Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 594 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 17-майда, саат 12:57де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Үч-Терек айылдарында 3 балл, Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM