Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин 9 ай ичинде (1-январдан 10-сентябрга чейин) авиабилеттерге кеткен чыгымы 96 млн сомдон ашты. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 млн сомго көп. Бул тууралуу OsOO.kg порталы жазып чыкты.
Берилген маалыматка ылайык, рейстерди «Эйр Кей Джи Авиакомпаниясы» аткарган. Литердик рейстерди президент, премьер-министр жана парламенттин спикери колдоно алат.
«Эйр Кей Джи Авиакомпания» жоопкерчилиги чектелген коому 17 кишиге чейин болгон ЯК-40 VIP учагы менен чартердик рейстерди аткарат, ошондой эле Ту-154М учагы менен Кыргызстандын расмий делегацияларын ташыйт. «Эйр Кей Джи Авиакомпаниясынын» негиздөөчүсү – «Манас» эл аралык аэропорту болуп саналат.