Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы тажикстандыктар кармап кеткен жаран боюнча үн катты

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 803 | 0

Кечээ, 26-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаштык айылынын 1995-жылы туулган туругуну Уразбек Мирзоев Арка айылынан Тажикстандын Жигдали айылына жумуштары менен бара жаткан жеринен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Мирзоев Тажикстандын маршруттук таксисинде Худжанд-Канибадам унаа жолунда жубайы менен бара жаткан.

Уразбек Мирзоевдин кармалышы боюнча анын жубайы чек ара кызматына кабарлаган.

Бүгүн, 27 -сентябрда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуп, анда кыргыз жаранынын кармалышынын мыйзамдуулугу, ошондой эле аны Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселени карашат.

Copyright © 2017 Maral FM