Connect with us

Нарматова ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 439 | 0

Оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Нарматованы ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери кармап, унаа менен Бишкекке алып келе жатканы айтылган болчу.

Укук коргоо органдары интернет тармагында укукка каршы аракеттерди аныктоо, эскертүү жана бөгөт коюу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун натыйжасында Орозайым Нарматованын Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багыттаган фактылары аныкталганын маалымдашты.

Учурда чогултулган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу) менен катталып, сотко чейинки тергөө башталган.

ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен 10 -сентябрда Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM