Connect with us

Кубанычбеков: Лагердин акыркы күнү балдар кетпейбиз деп ыйлашат

Кыска кабар , Маек | 21 Июн 2021 | 6727 | 0

«Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду Кыргызстандын жети облусунан келген 150 баланы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы Hollywood Camp жайкы лагеринде эс алдырууда. Быйыл өзгөчө басым Баткен облусуна жасалып, анын ар кайсы айылынан 80дей бала келген. Жыл сайын аталган фонд тарабынан уюштурулуучу лагерге кимдер барып, кимдер тарабынан каржыланып, кандай эс алуу уюштурулат? Эс алууга барган балдардын тилек-максаты кандай? Бул суроолордун айланасында аталган фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков менен маек курдук.

— Айдар мырза, кандай максатта Кыргызстандын жети облусунан 150 баланы чогултуп эс алдырып жатасыздар?

— «Убакыт кылыч сымал, сен аны кеспесең, ал сени кесет» деген бир жакшы сөз бар. Мына ошол убакыттан уттуруп койбой, балдарды жаштайынан туура багытка бурууну максат кылдык. Ошол себептен жети облустан тең алынат да, бөлмөлөргө да ар бир облустан бирден бала кылып аралаштырылат. Мунун максаты: кичинекей кезинен бөлүнбөй, биргеликте чоңойтууга кам көрүү. Мунун натыйжасын азыр дароо ала албайбыз. Бизде тилекке каршы, адамдар шашма болот, бир жыйынтык күтөт. Жок, мунун үзүрүн балким 10-15 жылдан кийин алышыбыз мүмкүн. Бирок азыртан баштап, балдарыбызга, кыздарыбызга инвестиция кылуу өтө маанилүү.

— Кимдер кайрымдуулук кыла алат? Кайрымдуулуктун кандай түрлөрү бар?

— Биздин негизги максат: кайрымдуулук маданиятын жайылтуу. Тилекке каршы, бизде ушундай түшүнүк болуп калган: кайрымдуулук дегенде эле «бай-акча, акча-бай» болуп. Бул — туура эмес, кайрымдуулук андай эмес. Ар бир киши өзүнүн колунан эмне келсе, аркалап келе жаткан кызматы менен кайрымдуулук маданиятын жайылта алат. Мисалы, мына агайлар, бешинчи курстун студенттери келип отурат. Булардын Бишкекте толтура жумушу бар экенин билем. Бирок ага карабай келип, буга чейин алган билимин, тажрыйбасын балдар менен бөлүшүп отурат. Бул — эң чоң кайрымдуулук. Ошол себептен ар бир кыргызстандыкка кайрылып кетет элем, кайрымдуулук маданиятын жайылтуу — ар бирибиздин милдетибиз. Анткени бул балдарды «өзгөчө балдар» деп атайын белгилейбиз. Колунда бар балдарды ата-энеси көлгө алып келет. Сурап көрсөңөр, балдардын көбү Ысык-Көлгө биринчи жолу келип жатат. Келип өзүнүн көзү менен көрүп, балдар менен аралашуусу өтө маанилүү.

— Алыскы аймактардан балдарын жиберген ата-энелер эң көп балдардын коопсуздугуна тынчсызданышат. Бул жаатта кандай иш алып барып жатасыздар?

— Бул жаатта ИИМдин кайгуул кызматына ыраазычылык билдирип кетели. Баткенден баштап Ысык-Көлгө чейин балдарды коштоп келишти. Кайра ошентип алып кетет. Бул жакта 11 балага бир тарбиячы коюлган. Бул лагердин жетекчилигинин да куткаруучулары бар. Ар тараптан балдардын коопсуздугун эске алганбыз. Кудайдын буйругу менен 2015-жылдан бери бир да кырсыгы жок өткөрүп келебиз. Кудай Таала кырсыктын бетин ары кылсын. Эми болот кээде, мисалы, топ ойноп жатып жыгылышы мүмкүн, анын баары эске алынган. Лагерде атайын медициналык кызматкерлер бар. Ошол эле учурда тээ Баткенден бери биринчи медициналык жардамды көрсөтө алган атайын врачтар коштоп келет. Биз баарын эске алуу менен даярдыкта жүрөбүз.

— Балдардын эс алуусу кимдер тарабынан каржыланып жатат?

— Ооба, бул чоң чыгым. Аны биз издеп табышыбыз керек. Ошол эле учурда балага инвестиция болот, маанилүү деп биздин акциябызга ишеним артып колдогондор да бар. Негизи бир жылда бир жолу өткөрөбүз. Былтыр пандемияга байланыштуу өткөргөн жокпуз. Быйыл балдардын жайкы лагери Германияда иштеген кыргызстандыктар тарабынан каржыланды. Мурдагы жылы 130 баланы Ысык-Көлгө алып келгенбиз. Кийин августта дагы 70 баланы ушул Hollywood Camp жайкы лагеринин жетекчилиги толугу менен бекер эс алдырышты. Биз жол киресин гана  төлөдүк.

— Эс алууга келген балдарын каалоолору, максаттары кандай? 

— Биринчи күнү келгенде балдар аралаша албайт. Ошондуктан балдардын батыраак аралашуусу боюнча программаларды иштеп чыкканбыз. Иштин эң кызыгы бешинчи күнү лагерден кетип жатканда бири-бири менен кучакташып алып ыйлашат, кеткилери келбейт. «Сен Ысык-Көлдөн экенсиң, сен Баткенден экенсиң, сен Нарындан экенсиң» деген нерсе жок. Кичинекей 9 жаштагы балдар бири-бирин «Сен Таласка кел, сен Баткенге келсең тосуп алам» деп кадимкидей ынтымагын көрсөтүшөт. Ошол эле учурда азыр социалдык түйүндөр аркылуу дос болуп катташып тургандар бар. «Мен көлдү көрсөм» деп кыялданган балдар көп болот. Ошондон көз жашын төккөндөр болгон. «Балдардын баарын алып келсек кандай сонун болот эле» дейбиз, бирок бул мүмкүнчүлүккө жараша болот экен. Негизи биз райондор, облустар менен канчалык тыгыз алакада болсок, ошончолук бөлүнүп-жарылуучулукка жол бербейбиз.

— Канча жылдан бери балдар менен чогуу иш алып барып келесиз. Иш тажрыйбаңызда балдардан сабак алган учурларыңыз болдубу?

— Биз балдарга бир нерсе үйрөтөбүз деп келебиз, бирок көп нерсени балдардан үйрөнөбүз. Маек куруу, бир-бири менен пикир алмашуу менен адамдар көп нерсеге жетет. Бекеринен айтылбаса керек, миңдеген китептерди окуп, бирок алган билимиңди кайра элге бербесең, эч кимге пайдасы жок. Биз азыр жети облустан келген балдар, кыздар менен маек курабыз, сүйлөшөбүз. Балдардын айтып берген окуясынан ар бир бала үчүн китеп жазсаң аздык кылат. Ушул күнгө чейин 9 жаштан 14 жашка чейинки балдар турмуштун ар кандай сыноолорун баштан өткөрүп көрүшкөн. Кээ бир учурларда болот, өзүнүн ички арманын айта турган киши болбогондугуна байланыштуу ушул жакка келип өзүнүн жөндөмүн ачкан балдар бар. Бул да өтө маанилүү, «Бала ошол бойдон түнт болуп, ачыла албай калып кетсе эмне болот?» — деген суроо туулат. Ошондуктан биз программаларыбызды балдарга ар тараптуу кызыктуу болсун деп уюштуруп келебиз.

— Маегиңизге чоң ырахмат! 

Copyright © 2017 Maral FM