Ушул жылдын беш ай ичинде Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик карызды төлөөгө дээрлик 13,2 млрд сом сарптады. Мындай маалыматты Экономика министрлиги жарыялады.
Ошентип мамлекет январь-май айларында тышкы кредиторлорго 8,3 млрд сом төлөдү. Бул сумманын ичинен:
- негизги сумма боюнча төлөмдөр – дээрлик 6 миллиард сом;
- пайыздык төлөмдөр – 2,4 млрд сом.
Ошол эле учурда Өкмөт ички карызды төлөө үчүн 4,8 млрд сом бөлдү:
- негизги сумма боюнча төлөмдөр – дээрлик 3 млрд сом;
- пайыздык төлөмдөр – 1,8 млрд сомду түздү.