Биз менен байланышыңыз

Путин Зеленскийдин жолугушуу чакырыгына жооп кайтарды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 1030 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен эки тараптуу мамилелерди Москвада ыңгайлуу учурда талкуулоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Путиндин айтымында, Киев жакында Москва менен мамилени бузушу мүмкүн болгон көптөгөн кадамдарды жасады, бирок эгер Украинанын президенти Владимир Зеленский мамилелерди калыбына келтирүүнү кааласа, анда Орусия аны кабыл алууга даяр.

«Жакында Украинанын учурдагы жетекчилиги Орусия менен Украинанын мамилесинин бузулушуна мүмкүн болгон көптөгөн кадамдарды жасады», — деди Путин.

Буга чейин 21-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди аскерий операциялар жүрүп жаткан Донбасста жолугушууга чакырган.

Донбасстын көйгөйүн чечүү үчүн Украинанын жетекчилиги алгач Донецк жана Луганск элдик республикасы менен, андан кийин гана Орусия менен байланышуусу керек деп кошумчалады Путин.

Эскерте кетсек, акыркы айларда Орусия менен Украинанын мамилеси салкындап бараткан. Бул бир жагынан Украинанын НАТОнун аскердик блогуна кошулуу аракетинен болсо, экинчи жагынан, Орусия Украинанын чек арасына түздөн-түз 100 миңден ашуун аскерин топтогон.

Мындан тышкары Орусиянын колдоосунда Донецк жана Луганск менен Украинанын ортосундагы аскердик аракеттердин күч алышы Москва-Киев мамилелерине да терс таасирин тийгизүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM