Connect with us

«Бюджетин туура бөлүштүрбөгөн үй-бүлө жакыр жашайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2021 | 2153 | 0

«Экомайдан» программасында каржылык сабаттуулук боюнча тренер Назира Оморгазиева менен үй-бүлөлүк бюджетти туура бөлүштүрүү боюнча маек курдук.

Акчаңызды киреше алып келген тармакка сарптаңыз…

Үй-бүлөлүк бюджет киреше жана чыгашадан турат. Аны туура бөлүштүрүү алгач каржы булактарын аныктоодон башталат. Андан ары кирешелерди максаттуу пайдалануу зарыл. Тагыраагы, сөзсүз түрдө аткарылышы керек болгон иштерге кете турган чыгымдарды белгилөө сунушталат. Маселен, азык-түлүк, тамак-аш, ден соолук жана башка жагдайлар… Тилекке каршы, өлкөдө элдин басымдуу бөлүгү көпчүлүк каражатын той-аштарга колдонуп коюуда. Жеке оюмда мындай аракет туура эмес. Анын ордуна тойго кеткен каражатты киреше алып келе турган багытка сарптоо пайдалуу. Маселен, баалуу кагаз, алтын сатып алууга, мал алып багууга болот. Акча эч качан туруп калбашы керек. Ал дайыма колдонулуп, айланып турушу зарыл. Той-аштар үчүн ашыкча акча болсо короткон туура. Ар кандай мааракелер үчүн насыя же карыз алуу туура эмес.

Бюджетин туура бөлүштүрбөгөн үй-бүлө жакыр жашайт…

Максатка жетүүдө да бюджетти туура пайдалануу зарыл. Коюлган максатты узак, орто жана кыска мөөнөттүү деп, 3 түргө бөлсөк болот. Ар бир үй-бүлөдө алгач кыял, максат жана аларды ишке ашыруу каалоосу болушу шарт. Максат коюуда, аны ишке ашырууда үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары кеңешкени зарыл. Аял киши сарамжал болгону дурус. Бизге эмне болуп кетерин билбейбиз, андыктан коопсуздугубуз үчүн ар дайым кошумча каражат болушу керек. Мисалы, 20 миң сом айлык алсаңыз, анын 20%ын бөлүп, конвертке салыңыз же киреше ала турган багытка сарптаңыз. Калган 80% каражатты бир айга бөлүштүрүп коюу сунушталат. Ал эми калктын көпчүлүк бөлүгү акчасын туура эмес пайдалангандыктан жакыр жашашат.

Ар бир адам бюджетин түзүшү шарт…

Ар бир адам киреше жана чыгашаларын кагаз бетине түшүрүп, бюджетин түзүп көрсүн. Ошондо акчаны кандай коротуп жатканы даана көрүнөт. Маселен, менде кирешеге караганда чыгаша көбөйүп кетип, карыздарым көп экенин байкагам. Мен бара-бара киреше менен чыгашаны теңдеп, мүмкүн болушунча акчаны үнөмдөөгө аракет кылып жатам. Миллионерлердин жашоо тажрыйбасын карасак, аз акчаны туура пайдаланууга үйрөнүшкөн, ата-энелери ошого тарбиялаган. Алар ар дайым киреше жана чыгашалардын китепчесин жазып жүргөнүнө күбө болобуз. Жазып жатканда да туура, так жазышыңыз керек. Каржылык жактан сабаттуу болуу үчүн көп окуу сунушталат.

Бизнеске бөлүнгөн каражат үй-бүлөлүк иштерге сарпталбашы керек…

Бизнес өзүнчө болушу кажет. Эгерде ал үй-бүлөлүк бюджетке аралашып кетсе, анда бизнес өнүкпөйт. Эгерде абдан зарылчылык жаралса, карыз катары алып, кайра ордун толуктап туруңуз. Элдин баары каржылык көз карандысыздыкка жетишкенге аракет кылат. Бирок тапкан каражатын туура пайдаланганды билишпейт. Ишкердик үчүн керексиз чыгымдарды жоюп, алардан баш тартып койгон дурус.

Copyright © 2017 Maral FM