Ушул жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы таштанды аянты толугу менен жабылып, көчүрүлүп, 35 гектар аянттагы жер рекультивацияланышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешмеде билдирди
Ушул жылдын январь айында борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу боюнча жакынкы үч жылга Өкмөттүн Иш-аракеттер планы бекитилген. 1-апрелге карата план бекитилип, ал ишке ашырыла башташы керек.
Мындан тышкары, Боз-Бөлтөк аймагында аянты 60 гектар келген паркты жана этно-комплексти уюштуруу боюнча даярдык иштери башталышы тийиш. Ошондой эле планда жаңы конуштарды газдаштыруу, отказандарды газга өткөрүү, экологиялык принциптерди эске алуу менен курулуш ченемдерин жана эрежелерин жөнгө салуу боюнча чаралар каралган.