Connect with us

Иманалиев: Жергиликтүү бийликти 3 критерий менен баалоо керек

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 966 | 0

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн баалай турган критерийлер иштелип чыгышы керек. Бул тууралуу президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев теледебатта айтты. Анда ал учурда чоңдорду жакшы коноктогон жана шайлоодо көп добуш алган акимдер жогору бааланарын айтып, аларды баалоо төмөнкүдөй болушу керек дейт:

-Жумушчу орун түздүң? Жакырчылык жойдуң? Бюджетти кандай топтодуң? Анан дагы айыл өкмөттөр курултай жолу менен шайланышы керек. Ошондо бийликке эмес, элге отчет бере турган болот«,-деди.

Ал андан сырткары аймактык реформа жүргүзүүдө ирилештирүүнү жүргүзүп, аймактар түз өкмөткө карай турган болуш керек деген ойду карманат.

Эскерте кетсек, бүгүн 7-январда президенттикке талапкерлердин теледебатынын 2-туру өтүүдө. Анда Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиевдер катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM