Биз менен байланышыңыз

«Кен казууга 50 жыл мораторий киргизүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2020 | 1355 | 0

Кен казуудан акча табам деген туура эмес. Анткени дүйнөлүк тажрыйбада мындай кадамдар менен өнүгүп кеткен мамлекеттер кездеше элек. Бул тууралуу Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кен казууга 50 жыл мораторий киргизүү керек.

«Экономика министрлиги приоритеттерди койгондо бир аз туура эмес болду. Кен казып байып кеткендерди көргөн жокмун, кыргыз эли бул жагдайды түшүнүшү керек. Кендер кайра иштетилип, кошумча наркы кошулмайынча, пайда чыкпайт. Убактылуу каражат келиши мүмкүн. Биздин экономикабыз «кош бойлуу» болуп жатат. Тагыраагы, көмүскө экономиканын үлүшү көп. Кризис деген менен кафе, ресторандарда киши арбын», — дейт Итибаев.

Ал белгилегендей, Европа мамлекеттери кен казбаса да, салыктан түшкөн каражат менен жашайт. Мындай өлкөлөрдө приоритеттер туура коюлган. Кыргызстан да ушундай системага өтсө болот.

Өлкө көмүскө экономикадан арылганда гана капитал тартып, багыттарды өнүктүрө алат. Акылга байланыштуу багыттарды өнүктүрүү зарыл.

Итибаев кошумчалагандай, өлкөдө эркиндик тартипсиздик менен «синоним» болуп калды. Ал эми чыныгы эркиндик — жарандын укуктук талаада өзүн тартиптүү алып жүрүүсү.

Copyright © 2017 Maral FM