Биз менен байланышыңыз

«Депутаттардын жарымы бир мандаттуу система менен келиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2020 | 979 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандаттуу шайлоо системасы менен шайланышы керек. Мындай пикирин Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Парламенттин депутаттары — элдин өкүлдөрү. Мурдагы Башмыйзам боюнча ар бир атуулдан шайлануу, шайлоого болгон укук алынып салынган. Тактап айтканда, мен парламентке өз алдымча келе албайм, кайсы бир партиянын жетекчисине барып жалдырашым керек. Ким депутат болорун партия лидерлери аныктайт. Мындан сырткары, мен каалаганымды шайлай албайм. Мындай чектөөлөрдү алып ташташыбыз керек», — дейт Аманбаев.

Copyright © 2017 Maral FM