Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп, вице-мэр Нуртилек Орозовдун шайланганы айтылууда.
Эске салсак, Мураталы Тагаев аталган кызматка 2018-жылдын июнь айында шайланган болчу.