Биз менен байланышыңыз

Коронавирус пандемиясы: Кыргызстандагы абал эми кандай болот?

Коом , Кыска кабар , Саясат | 19 Июн 2020 | 2539 | 0

Казакстанда коронавирустун жайылышына байланыштуу Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар менен Экибастуз шаарларында чектөө чаралары күчөтүлөт. 20-21-июндан тартып бул шаарларда соода борборлору, базарлар, парктар, аквапарктар, суу жээктери, фитнес-борборлор жабылып, коомдук транспорттун ишине чектөө киргизилет. Ошондой эле, бул шаарлардын кире бериш жерлерине кайрадан блокпосттор орнотулат. Ошол эле учурда Кыргызстанда да акыркы 4 күн аралыгында күнүнө 100гө чукул адамдан коронавирус табылып жатат. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга баа беришти. Бул боюнча коомчулукта кайчы пикирлер жаралып, айрымдары кайрадан карантиндик чектөөлөрдү киргизиш керек десе, айрымдары коронавирустун жок экендигин жана бүткөнүн айтышууда.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коомдук унаалар илдетти жугузуп алууда дале да болсо эң кооптуу жайлардын бири болуп жатканына көңүл буруп, коомдук жайларда беткап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптарынын маанилүү экенин айтты.

Мындан сырткары, чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандар катуу көзөмөлгө алынышы керектигине көңүл бурду. Президент Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү оперативдүүлүгүн мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.

Кыргызстандын аймагына COVID-19 инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык ыкчам штаб илдет менен күрөшүүнүн ылдамдыгын күчөтүү боюнча азырынча эч кандай маалымат билдире элек.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда…

18-март күнү эртең менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам катталганы жарыяланган. Алар 70, 62 жана 42 жаштардагы Сауд Аравиясынан ажылыктан келишкен Сузак районунун тургундары болгон. 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. 21-мартта вирус жуктургандардын саны 12 кишиге жетип, Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап 1 айлык мөөнөттө өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынган.

Коронавирус Кыргызстанда пайда болгонуна кечээ, 18-июнда толук үч ай болду. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 789га жетти. Алардын ичинен 1961 адам айыгып, 32 киши каза болду. Учурда обсервацияда 1 336 адам дарыланууда. Ошол эле учурда республика боюнча COVID-19 вирусуна медициналык кызматкерлердин 533ү кабылган. Алардын ичинен 381 медкызматкер оорудан айыгып чыккан.

Учурда эмне үчүн коронавирус менен ооругандар кайрадан көбөйүп жатат?

Биринчиден, Кыргызстан карантиндик режимди эртерээк токтотуп койду. Себеби, туура эмес эле маалыматтын негизинде вирусту жуктургандар азайды деп жыйынтык чыгарган. Оорулуулардын так санын аныкташ үчүн баарын тесттен өткөрүш керек. Кыргызстанда болсо, болгону тесттен өткөн адамдардын саны гана алынып, ооругандардан айыккандардын саны азайса: «стабилдештик», «пикке жеттик» деп туура эмес стратегиялык чечим кабыл алынган. Канча адамдын ооруп жаткандыгы боюнча диагностиканы так билмейинче эч кандай жыйынтык чыгарбаш керек.

Акыркы убакта тест тапшырган адамдардын саны көбөйүп, алардын көбүндө коронавирустун бар экендиги аныкталып жатат. Мурун билинбей жүргөндөрдөн азыр чыгып атышы мүмкүн. Бул үчүн сарсанаага батып, карантин киргизиштин деле кереги жок экендигин, түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун негиздөөчүсү, жетекчиси, республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдраманов өз оюн билдирди.

Анын айтымында, бул табигий процесс болуп, эми анын көбөйүшү күтүлүүдө. Ошого жараша оорусу аныкталгандарды дарылап, жеткиликтүү деңгээлде вирус менен күрөшүүгө даяр болушу керек.

Вирустун өлкөдө таркап кетүүсүнүн алдын алган жокпуз. Адамдар бир облустан экинчи облуска ээн-эркин эле кирип, кадимки эле кенебестиктин айынан 200дөн 500гө чейинки кишилерди чогултуп той-аш өткөрүп жатышат. Болуп жаткан окуялардан бир жыйынтык чыгарбай эле коронавирус жок дегендей эле мамиле кылышууда. Коронавирус бар, анын алдын алыш керек экендигине элди ишендириш керек болуп жатат. Эл дагы деле кенебей жатат. Карантин киргизүүгө тенденция бар болсо, албетте, киргизиш керек. Эгерде муну колдон чыгарып жиберсек, медициналык коллапс болуп, ошондо даана уятка калабыз, — деди Абдраманов.

Мындан сырткары, ал азыркы абалдын жаралышына элдин караңгылыгы да себеп болуп жатканын айтып, эч муктаждыгы жок базар айланып «жөн эле бааларды билип коёюн дедим» дегендерди сынга алып, күчкө салып, мамлекет карантинге киргизгенде деле көп нерсе ар бир жарандын өзүнүн жүруш-турушуна байланыштуу экендигин белгиледи.

Дарыгерлер жана медицина мекемелери коронавирустун жаңы толкунуна даярбы?

Бул суроо Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери эле негизги көйгөй катары кабыл алынууда. Өлкөдөгү медициналык абал жана медиктердин экинчи толкун түгүл, биринчи толкунга да даяр эмес болчу. Анткени баарына эле белгилүү болгондой жетиштүү коргонуучу каражаттар жана бул вирус менен күрөшүү үчүн тажрыйбанын жоктугунан дарыгерлердин көпчүлүгү вирусту жуктуруп, алардын арасынан бир дарыгер өмүрү менен кош айтышууга аргасыз болду. Эми азыр коронавирустун толкуну кайрадан башталып, таркай баштаса, мамлекет үчүн өтө кооптуу абал жаралат. Себеби, адамдардын өлүмү аз болгону менен илдетке чалдыккандарды кабыл ала турган медициналык мекемелер, дарылай турган врачтардын саны жетишпей калышы толук мүмкүн. Мына дал ошондо өлкөдө медициналык коллапс жаралат. Эртең эмне болуп кете турганы белгисиз. Себеби азыркы  учурда арабызда оорунун белгилери байкалбагандар жана аны кайдан жуктуруп алганы белгисиз болгондордун саны көбөйүүдө.

Коронавирус кайдан жугуп жатат? 

Коронавирус илдетин жугузуп алуунун көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири — тез татым жайларынын көбөйүшү жана анда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталбай жатканын санитардык дарыгер Кадыр Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, Карпинский көчөсүндө жол бойлото адамдар машиналарды тизип коюп, эч кандай социалдык аралыкты сактабай, беткаптары жок ар бир тез татымдын алдына чогулуп жатышат. Качан гана бирөө ооруп калганда гана чуркай турганын айтып, ага чейин текшерген эч ким болбой жатканын сынга алып төмөнкүлөргө токтолду:

Бизде илдет базарлардан көп жугуп жатат. Ошол базарларды бир жумада эки жолу дезинфекция кылып туруш керек. Базаркомдор чөнтөгүнөн акча чыгарып болсо да беткап, кол каптарды берип, базарга киргизип, көзөмөлдү күчөтүүсү керек. Ошондой эле, башка өлкөдөн келип, обсервацияга алынган жарандарды 20-30дан жаткырбай, 2-3 төн жаткырып, тартипти күчөтүү керек.

Эске салсак, акыркы убакта коронавирус мамлекеттик кызматкерлердин арасында да аныктала баштады. 17-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин коронавирус жугузуп алганы аныкталса, 18-июнда Ош  облусуна караштуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев коронавирус жуктуруп алганы тастыкталган. Ошондой эле, кечээ 18-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун да коронавирус инфекциясына кабылганы белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM