Биз менен байланышыңыз

Тагаев: Жалал-Абадда 44 ишкана өз ишин баштаганы турат

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 649 | 0

Жалал-Абад шаарында 44 ишкана өз ишин баштаганы турат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан бизнес тармагына уруксат берүү 3 этап менен жүрүүдө. Алар 1-май, 11-май жана 21-майдан баштап айрым бизнестерге уруксат бериле баштайт.

Бүгүндөн баштап жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат кагазы боюнча комендантка сунуштарды бере баштадык. Ал эми коммерциялык уюмдарды ишин баштабай турганга чакырат элем. Уруксаты жок ачкан ишканаларга рейд жүргүзөбүз жана мыйзам чегинде чара көрүлөт. Эгер кайсы бир тармактагы ишиңизди ача турган болсоңуз, мэрияга кайрылыңыз. Биз өз учурунда комендантка кайрылып, бир пикирге келебиз. Баарыбыз мыйзам чегинде иш кылсак жакшы болот эле, — деди Тагаев.

Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыгып, 8 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM