Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Кубанов: Сапатсыз билим – кыйраган мамлекет!

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Сен 2020 | 1135 | 0

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер үгүт иштеринин алкагында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту. Партиянын эң жаш талапкери Нурсултан Кубанов ушул кезге чейин өзгөрүүсүз келе жаткан билим берүү тармагына жаңыланууну алып келүү керектигин билдирди.

“29 жылдан бери Кыргызстандагы билим берүү системасы эч кандай өзгөргөн жок. Азыркы учурда биздин билим берүү тармагыбыз ыйлагыдай абалда турат. Ошого байланыштуу биз чечкиндүү кадамдарды, конкреттүү реформаларды жасоонун үстүнөн иштеп келе жатабыз. Кыргызстандын азыркы абалы да билим берүү тармагынан көз каранды. Кайсы гана тармакты караба, бардык жакта кризис. Эмнеге кризис? Анткени, бизде билим берүү системасы эски. Ошондуктан ушул шайлоодо элибиз туура чечим кабыл алып, кесипкөй, билимдүү талапкерди колдошубуз керек”, -деди Нурсултан Кубанов.

Ал өлкө үчүн “акча окуучунун аркасынан ээрчийт” принциби боюнча ваучердик билим берүү системасын киргизүү зарыл деп эсептейт.

“Бул өз кезегинде окуучулардын өздөрү мектептерди тандоосуна мүмкүнчүлүк берет. Мектеп директорлорун ата-энелер жана камкорчулар кеңеши аркылуу мугалимдер тандашы керек. Англис тили жана программалоо сабактары 1-класстан баштап киргизилиши шарт”, — деди Кубанов.

Иш чарага “Бир Бол” партиясынын мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Мирлан Калыбеков, Нурсултан Кубанов, Чынар Капарова катышты.

Copyright © 2017 Maral FM