Connect with us

Крымда салынып жаткан жаңы трассанын ачылышына Путин өзү катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 940 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 27-августта Крымга иш сапары менен барды. Ал жаңы курулуп жаткан «Таврида» трассасынын бешинчи тилкесинен кабар алат. Ошондой эле, Путин өзү трассаны автоунаа менен текшерип көрөт, деп айтылат маалыматта.

Путиндин басма сөз катчысы Песковдун айтымында, трассанын жалпы узундугу 258 км түзөт. «Таврида» толугу менен салынып бүтсө, Крым жарым аралынын негизги транспорттук артериясы болору күтүлүүдө.

Аталган жолду расмий түрдө эксплуатацияга берүү ушул жылдын декабрына пландалган. Бирок, сентябрдын аягындан баштап трасса толугу менен ишке кирери күтүлүүдө. Жолдун курулушу жалпы 7 этаптан турат. Быйыл 5 тилкеси ишке кирсе, жалпы долбоор 2023-жылда аягына чыгат. Трассаны салуу иштери 2017-жылдын май айында башталган. Жалпы бюджети 150 млрд рубль деп бааланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM