Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барат. Бул тууралуу маалыматты ал өзү «Маралга» ырастады.
— Бул партия жаңы түзүлдү. Мыкты команда жана жаштар баштап баратканы үчүн тандадым, — деди Иса Өмүркулов.
Белгилей кетсек, «Мекеним Кыргызстан» партиясында Жогорку Кеңештин депутаттарынан Искендер Матраимов, Марлен Маматалиев, Жыргалбек Турускулов, Таабалды Тиллаев жана Гулкан Молдобековалар бар.