Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы коронавирустук абал

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 493 | 0

5-августка карата сутка ичинде Орусиянын 83 аймагында 5 миң 159 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Маалыматка ылайык, 144 өлүм катталса, 7 миң 878 бейтап айыгып чыккан.

Вирус жуктуруп алгандардын 30 пайызында оорунун клиникалык белгилери жок экендиги айтылган.

Сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында — 691;

Свердлов облусунда — 192;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда — 177, калгандары башка аймактардан.

Жалпы оору жуккан адамдардын саны 861 миң 423кө жеткен.

Буга чейин орусиялык басылмалар пансионаттарда коронавирустун экинчи толкуну пайда болушу мүмкүн деп билдирген.

1-августтан тарта пандемияга байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын Орусияга кирүү тартиби өзгөрдү. Эмгектенүү үчүн келген чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 14 күн карантинге алынат.

Copyright © 2017 Maral FM