Connect with us

Бишкекте «Жашыл экономика» аймактык форуму өтүүдө

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 151 | 0

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте «Жашыл экономика» аймактык форуму өтүүдө.

Регионалдык форум Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ЖИА бизнес ассоциациясы, GIZ (BMZ), ЕС, Швейцария элчилигинин, ПРООН, ОБСЕ жана Ага Хан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулган.

Форумга 500дөн ашык катышуучу — өкмөттүн, бизнестин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулду.

JIA бизнес ассоциациясы уюштурган иш-чаранын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, «жашыл» экономикалык өсүш экологиялык туруктуулук менен шайкеш келтирүүчү өзгөрүүлөргө жол ачарын белгиледи.

Форум Борбордук Азияда туруктуу өнүгүүнүн жана экологиялык таза технологияларды киргизүүнүн негизги маселелерин талкуулоо үчүн аянтча.

Иш-чаранын алкагында жашыл долбоорлорду каржылоо, жашыл энергетика, туруктуу туризм, таштандыларды башкаруу жана жашыл курулуш темаларында пленардык сессиялар жана сектордук талкуулар өткөрүлөт.

Эл аралык эксперттер жана бизнес өкүлдөрү айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жана туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө багытталган маанилүү демилгелерди жана долбоорлорду талкуулашат.

Форумдун жыйынтыктары Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (КС-29) тараптарынын алдыдагы 29-конференциясына катышуу үчүн өлкөлүк стратегияларды даярдоо үчүн негиз болот, ал 11-22-ноябрда 2024-жылы өтөт.

Форумдун алкагында Green Expo көргөзмөсү ачылды. Анда алдыңкы компаниялар экологиялык таза технологиялар жана туруктуу өндүрүш жаатындагы жаңы иштеп чыгууларын жана чечимдерин көрсөтүштү.

Copyright © 2017 Maral FM