Биз менен байланышыңыз

Министр: Мектептерди китеп менен толук камсыз кылуу үчүн 8 млрд сом керек

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 81 | 0

Мектептерди китеп менен толук камсыз кылуу үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат Жылдыз Садырбаева окуу китептеринин жетишсиздиги жөнүндө маселе жыл сайын пайда болуп, чечилбей келгенин сындады.

«Жыл сайын окуу китептерин сатып алууга 150 миллион сомдон 200 миллион сомго чейин каражат бөлөбүз. Бирок чынында мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылуу үчүн 8 миллиард сом керектелет. Ошондуктан биз Билим берүү министрлиги менен биргеликте жакынкы эки-үч жылда бул маселени чечүүнүн механизмдерин киргизип жатабыз. Балким, электрондук китептерди жана планшеттерди чыгарабызбы, ар кандай жолдорун издеп жатабыз. Сегиз миллиард сом аз акча эмес. Ошондуктан биз бул маселени этап-этабы менен чечип жатабыз» , — дейт финансы министри Алмаз Бакетаев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2012-2022-жылдарда окуучулардын саны 435 миң 414 балага өсүп, 1 млн 447 миң 717ни түздү.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 млн 816 миң 255 окуу китеби бар. Бул жалпы керектөөнүн 68,5 % түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM