Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Зардалы айылына барды

Кыска кабар | 29 Сен 2024 | 63 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

«Абалыңардан кабар алалы деп келдик. Зардалыга келүү төрт жылдан бери көкрөгүмдө турган. Эмки жылы жол салып берели деп жатабыз. Келерки жылдын февраль, март айынан баштап жолду куруу иштери башталат. Жол куруу транспорт министри менен губернатордун мойнунда.

Бул жерде жарык жок да ээ? Суу бар экен кичи ГЭС курса болот. Бул боюнча да тапшырма берип кетем».

300гө чукул жашоочусу бар Зардалы айылы Баткен облусунун борборунун 130 чакырым алыстыкта жайгашкан. Унаа жол үч-төрт ай гана ачык болот. Жашоочулар көбүнчө тоо кыркасы аркылуу дарыяны бойлоп, жөө каттайт. 

Copyright © 2017 Maral FM