Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» ишканасынын ачылылды

Кыска кабар | 29 Сен 2024 | 49 | 0

Бишкекте 28-сентябрда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» ишканасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытайдын өлкөдөгү элчиси Ду Дэвен, Кытайдын чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана инвестиция берүү департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзянхуа, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, «Чайна рейлвей интернешнл» компаниясынын башкы директору Чжоу Син катышты.

Акылбек Жапаров бул тарыхый окуяга жетүү үчүн көп иш жасалганын айтты.

«Бул тарыхый окуяга жетүү үчүн көп жана жемиштүү иштер жасалганы талашсыз. Бирок, бул долбоорду толук ишке ашыруунун биринчи гана кадамы экендигин айта кетүү керек, биздин алдыбызда зор иштер турат. Ошол эле учурда Кытайдан жана Өзбекстандан келген кесиптештерибиздин абдан бай тажрыйбасына таянып, биз бул ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрөбүз деп ишенимдүү айта алам»-деди Акылбек Жапаров.

Биргелешкен долбоордук компаниянын ишмердүүлүгүн камсыздоо максатында кытай тараптын ыйгарым укуктуу уюму 51%, ал эми кыргыз жана өзбек тараптын ыйгарым укуктуу уюмдары 24,5% алат.

6-июнда Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койгон.

Долбоор Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктире турган стратегиялык инфраструктуралык долбоор болуп, Борбордук жана Чыгыш Азиянын ортосунда жаңы кургактык транспорттук коридорун түзөт.

Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

Темир жол “Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад – Анжиян” багытында жүрөт. Темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзөт. Анын 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM