Биз менен байланышыңыз

Украинаны калыбына келтирүү боюнча декларацияга 30дан ашык өлкө кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2024 | 200 | 0

«Чоң Жети» тобундагы жана андан башка 20дан ашуун мамлекет Украинага жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин ырастаган декларацияга кол коюшту.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, документте Украинаны аскердик, бюджеттик, гуманитардык жана реконструкциялоо чөйрөлөрүндө колдоо уланары баса белгиленет. Орусиянын бөгөттөлгөн активдери Орусия агрессиясын токтотуп, Украинага келтирилген зыяндын ордун толтурмайынча “кулпуланган” бойдон кала берет. Келечекте бул каражатты Украинага берилген кредиттерди жабууга жумшоо пландалууда.

Декларацияга кол койгондор жардам маанилүү инфраструктураны оңдоо жана куруу, экономикалык өсүштү тездетүү жана негизги реформаларды ишке ашыруу үчүн колдонуларын баса белгилешти.

Декларацияда: «Биз эл аралык коомчулук тааныган чек араларда эркин, көз карандысыз жана демократиялуу Украинаны түзүүгө умтулабыз», — деп айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM