Биз менен байланышыңыз

Ажылыкка каттоо октябрда башталат. Кандай документтер талап кылынат?

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 99 | 0

Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка электрондук каттоо 7-октябрда башталат жана каттоо белгиленген квота толгон учурда дароо каттоо токтотулат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Ажылыкка барууну каалаган жарандар баштапкы 2000 АКШ доллары жана кайтарымсыз 1200 сомду «Элдик банкка» төлөп, каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) Муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга баштапкы 2000 доллардын квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү кагаздарды тапшыруусу зарыл.

Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн.

Муфтият жарандар баштапкы төлөмдөрдү аткарбаса, электрондук базага каттала алышпай тургандыгын эскертти.

АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

 2025-жылдагы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

  1. Ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар «Элдик банкка» (ажылык-2025 счетуна)төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы.
  2. Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн «Элдик банкка»  (ажылык-2025 счетуна) төлөнгөн 1200 сомквитанциясынын түп нускасы.
  3. Тышкы паспорту.
  • (электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.)
  • (Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2025-жылы 31-декабрьайына чейин бүтүүсү жараксыз.)
  1. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1980-жылы январь айында төрөлсө метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал эми февраль айында төрөлсө документ түп нускасы  талап кылынат.

  1. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.
  • (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).
  • (Аялдар үчүн сүрөткө акжана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.
  • (Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).
  1. 2024-жылы октябрь айынан баштап алынган №086у формасындагы медициналык справка.
  2. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу.

(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

  1. Келишимге кол коюу жана Ажылык базага киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  2. Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
  3. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. (2025-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  4. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга баруучуга  тааныштырып, келишимге кол койдурсун).

ЭСКЕРТҮҮ:

  • 2025-жылы ажылыкка баруучу жарандар КМДБ тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө тийиш. Андан кечиккен жарандар каттоого алынбайт.
  • Эгер төлөм учурунда ажылыкка берилген орундар (квоталар) толуп калса, Элдик банкка акча төгүү мөөнөтү токтотулат.

Copyright © 2017 Maral FM