Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Аскар Акаевдин макамы боюнча арызын карады

Кыска кабар , Саясат | 24 Сен 2024 | 168 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитетинде Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча жазган арызын карады. Комитет Аскар Акаевдин жазган арызын канаттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

Жыйында депутат Гуля Кожокулова депутаттык комиссия түзүү сунушун айтып, баары мыйзам чегинде каралуусу керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Жанар Акаев комитеттин чечимин арызды канаттандыруудан баш тартуу сунушун айтты.

Мурдагы президент Аскар Акаев ушул жылдын 5-сентябрында Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, кат жиберген.

Экс-президент макамын алгандар кол тийбестикке ээ болот, мамлекеттик кайтарууга алынат, кызматтык унаа берилет, медициналык кызмат үй-бүлө мүчөлөрү акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле экс-президент макамды алган кишиге мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет жана башка кошумча артыкчылыктар каралган.

Азыркы учурда Аскар Акаевге Кыргызстанга келип кетүүгө эч кандай тоскоолдук жок.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Ал 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.

«Акаевдин макамы кайтарылса, башка ажолор да кайрыла баштайт»

Copyright © 2017 Maral FM