Биз менен байланышыңыз

Курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого МинКаб каршы экенин билдирди

Кыска кабар | 24 Сен 2024 | 98 | 0

Министрлер кабинети Элдик курултайга шайланган делегаттарды бир жылдык мөөнөткө шайлоо боюнча мыйзам долбоорун колдобой тургандыгын билдирди. Мындай корутундуну бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Эрнист Ашырбаев окуду.

«Делегаттын ыйгарым укуктары эмне үчүн бир жылга бекитилгени түшүнүксүз. Бул ашыкча бюрократия алып келиши мүмкүн. Жогорудагы баяндалгандарды эске алып, Элдик курултайдын делегаттарын бир жылдык мөөнөткө шайлоону максатсыз деп эсептейбиз». 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Бакыт Рыспаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу мыйзам долбооруна каршы пикири жоктугун бирок сунуштар айтылганын белгиледи.

«Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде Элдик курултайдын делегаттары төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленген. Анын 2-пунктунда мыйзамдарды республикалык маанидеги чечимдерди талкуулоо жана кабыл алууга катышууга деп жазылган.

3-берененин, 2-пунктунда малекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алууга, кеңешүүгө жана алардын иштерине байкоо жүргүзүүгө деп жазылган.

Биз жогоруда айтылгандар тагыраак жазылса деген сунуш берген элек. Себеби делегаттардын саны көп, алардын баары эле юрист эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына барып алардын ишмердүүлугүнө байкоо салып же кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда катышам деген нерсени кандай түшүнөт? Ушуну так, анык жазылса жакшы болмок».

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитетинде «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Элдик курултайдын катчылыгын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев мыйзамда бир топ карама-карышылыктар бар экендигин жанан Баш мыйзамдагы айрым беренелер иштебей жаткандыгын белгиледи.

Аталаган мыйзам долбоору ушул жылдын март айында коомдук талкууга коюлган.

2023-жылдын 29-июнунда Жогоку Кеңеш тарабынан “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган.

Мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан.

Президент «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» 2023-жылдын 29-августунда жарлыкка кол койгон. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан. Экинчи Элдик курултай өткөн жылы  15-16-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM