Мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга жана коомдук фонд түзүүгө тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык коммитетинде 23-сентябрда каралып, биринчи окууда жактырылды. Аталган мыйзам долбоорун деупатат Миргүл Темирбаева демилге кылган.
Мектепте коомдук фонд түзгөн жеке жакатарга 20 миң сом айыппул салынат, ошондой эле кандайдыр бир акча чогултуу болсо ага да 20 миң сом айыппул чегерилген. Ал эми юридикалык жактарга 60 миң сом айыппул салуу каралган.
Демилге кылган депутат Миргүл Темирбаева мектептердеги акча чогултууларга тыюу салынганына карабастан акча чогултулуп жатканын айтты.
«Президенттин Жарлыгына карабастан азыркы учурда мектептерде акча чогултуу уланып жатат. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчилиги күчөтүлүп иштелип чыкты».
Аталган мыйзам долбоорун Билим берүү министрлиги да колдой тургандыгын билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев айтты.
«Мектептердеги акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоорун Билим берүү министрлиги колдойбуз. Бул мыйзам керектүү мыйзам. Себеби мектеп жетекчилери «ата-энелердин демилгеси менен» деген шылтоону көп айтышчу эле. Аталган мыйзам долбоордун негизинде мектептерде фонд ачууга жана мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынат».
Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева айрым ата-энелер балдардын келечеги үчүн акча чогултууга макул экендигин айтты.
«Бюджеттен бөлүнгөн каражат жетеби? Себеби айрым ата-энелер акча чогултууга макул болуп жатат. Анткени балдардын коопсуздугу, санитардык нормаларын сактаганга мамлекеттен бөлүнгөн акча жетпейт. Ошондуктан «мектепте балдар коопсуз болуусу үчүн күзөтчү коюуга жана санитардык кызматкер алууга даярбыз» дегендер бар. Биз эмне үчүн аларга тыюу салуубуз керек?».
Демилге кылган депутат Миргүл Темирбаева камкорчулар, кайрымдуулук кылгандар жөнүндө мыйзамдын негизинде ата-энелер ыктыярдуу түрдө кандайдыр бир демилгелери болсо, мектепке жардам бергиси келсе демилгеленип жаткан мыйзам долбоору аларга тоскоолдук кылбай тургандыгын белгиледи.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева 2024-2025-окуу жылына Бишкек шаарындагы мектептерге бор үчүн 33 миллион сом, ашканадагы жана спорт залдагы тетиктер үчүн 45 миллион сом жана медициналык каражаттар үчүн 4 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Ал эми мектептердеги күзөтчүлөргө жана санитардык кызматкерлердин айлык акысы жергиликтүү бюджеттен каралганын кошумчалады.
«Бишкек шаарындагы үч райондогу мектептерди конкурстук негизде тандалган компаниялар күзөтүп жатат. Ал эми бир районду ички иштер органдарынын кызматкерлери карайт. Мектептеги санитардык кызматкерлер башталгыч класстардын класстарын, коридор, жалпы колдонулган жерлерди жана дааратканаларды тазалайт. Жалпы кабыл алынган чечимдин негизинде орто класстар жана жогорку класстар өздөрү отурган класстардын тазалыгына жооптуу».
Эл өкүлү Аида Исатбек кызы аймактардагы мектептердин күтүлбөгөн жана кошумча чыгымдары тууралуу маселе көтөрдү.
«Бишкек шаарындагы мектептерге жергиликтүү бюджеттен каралып жатат. Ал эми аймактардагы мектептердин абалы кандай болуп жатат? Ооба, аймактагы мектептерге күндүз күзөтчү керек эмес болушу мүмкүн. Бирок күнүмдүк чыгашалар бар да, бор, санитардык каражаттар керектелет. Аларга кайдан акча бөлүндү?»
Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев мугалимдер үчүн бор, санитардык каражаттардын бир жылдык эсеби алынып, бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айтты. Ал эми күтүүсүз чыгымдарга жергиликтүү бюджеттен же ыктыярдуу ата-энелердин салымы менен чечилип жатканын белгиледи.
Билим берүү министри Догдүркүл Кендирбаева ушул жылдын август айында мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалай тургандыгын айткан. Бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт деп кошумчалаган.
«Муну балдардын эмгегин эксплуатациялоо деп түшүнбөө керек. Мындай чечим окуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу, башкалардын эмгегин сыйлоого, үйрөтүүгө багытталган. Балдар өздөрү отурган партасын, окуган классын, а түгүл пайдаланган ажаткананы да тазалыкта кармап, камкор мамиле жасоого милдеттүү», — деди министр.
Депутат Камила Талиева Жогорку Кеңешке министрликтен келип жооп бергендердин жообу менен мектептердеги чыныгы абал башкача экендигин айтты.
«Бул жерге келип жооп берип жаткандар башкача саясатты айтат, ал эми мектептердиги чыныгы саясат таптакыр башка. Мен Лейлек районуна барганда Максат айылындагы өрттөнүп кеткен мектепке кирсем, ата-энелер китеп алып жаткан экен. Алып жаткан китебин карасам, тытылып кеткен. Китеп фондун карасам жупуну экен. Райондун жетекчилерине статистиканы берчи, министрликке барып китеп алайын десем, алар да статистиканы берүүдөн коркот. Ал эми райондук билим берүү башкармалыгынын статистикасы 85% мектептер китеп менен камсыз болду деп турат».
Мектептеги акча чогултуу маселеси жыл сайын окуу жылы башталган мезгилде күн тартибине чыгат. Ата-энелер кандай гана тыюу салынганына карабастан мектеп жетекчилери айрым учурда мажбурлап чогулткан учурлар да кездешээрин айтып келишет.
Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт. 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.