Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 23 Сен 2024 | 86 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Ал тил эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири экенин белгиледи.

Көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тили көөнө тил корун түзгөн тилдердин катарына кирерин айтты.

Өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болорун билдирди.

«Мына ошондуктан мамлекеттик тил саясаты мамлекеттик саясаттын эң маанилүү ажырагыс бөлүгү. Ага жараша азыркы ааламдашуу доорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жигердүү аракет жасоого тийишпиз, ансыз болбойт. Жашоо-турмушубуздун бардык тармагын кучагына алган санарип технологиясы менен мамлекеттик тилдин колдонуу айдыӊын кеңейтүү аркылуу биз билим берүү сапатын жакшыртабыз, этностор аралык биримдикти чыңдайбыз жана ошондой эле улуттук баалуулуктарыбызды бекемдей алабыз», — деди Жапаров.

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM