Кыргызгидромет билдиргендей, 16-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге,
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +3…+8
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +9…+14
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11
Нарын жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9
Бишкекте жамгыр карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз+5…+7° жылуу болот.