Connect with us

Ооганстандык этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Кыска кабар | 15 Окт 2024 | 163 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеген гуманитардык жардам Афганистандын Бадахшан провинциясыдагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министрдин орун басары Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, ошондой эле жергиликтүү бийликтин этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларын жана пландарын талкуулады.

Кыргызстандан барган тобтун курамында кардиолог, стоматолог, акушер-гинекологдор 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо ошондой эле малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM