Connect with us

Бүгүн социалдык кызматкерлер жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамы

Без рубрики | 19 Окт 2024 | 49 | 0

Бүгүн социалдык чөйрөнүн жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү. Бул күнгө утурлай, Бишкектеги «Таберик» театрында бүгүнкү майрамдык күнгө арналган атайын жыйын болуп өттү. Иш чранын алкагында  бул тармактагы мыкты мекемелер боюнча жыйынтык чыгарылды.

Мыкты социалдык мекеме деп «Акниет» аттуу турмуштук кыйын кырдаалга тушуккан балдардын борбору табылды. Ага 150 миң сом тапшырылды. Экинчи орунга «Коломто» муниципалдык мекемеси татыктуу болуп, 50 миң сом менен сыйланды.

Ушу тапта Бишкекте социалдык коргоо тармагынын 666 кызматкери 72 миң адамга камкордук көрөрү малым болду.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM