Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин арызын канааттандырган жок

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 107 | 0
Жогорку Кеңеш

Парламент Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча жазган арызын 25-сентябрдагы жыйынында талкуусуз эле четке какты.

Кечээ, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитети Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча жазган арызын карады. Комитет Аскар Акаевдин жазган арызын канаттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган.

Мурдагы президент Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, кат жибергени ушул жылдын 5-сентябрында маалым болгон.

Экс-президент макамын алгандар кол тийбестикке ээ болот, мамлекеттик кайтарууга алынат, кызматтык унаа берилет, медициналык кызмат үй-бүлө мүчөлөрү акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле экс-президент макамды алган кишиге мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет жана башка кошумча артыкчылыктар каралган.

Азыркы учурда Аскар Акаевге Кыргызстанга келип кетүүгө эч кандай тоскоолдук жок.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Ал 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Аскар Акаевдин макамы боюнча арызын карады

Copyright © 2017 Maral FM