Биз менен байланышыңыз

Министрлик кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга барбай турууга чакырды

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 58 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ливандын чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына бул өлкөлөргө барбай турууга чакырды.

Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана мүмкүн болушунча бул өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгиледи.

Фкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951),

Түркиядагы элчилигинин (+905456896800),

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.

Ливандын бийлиги Израилдин дүйшөмбүдөн бери өлкө боюнча аба соккуларынан кеминде 569 киши, анын ичинде 50 бала жана 94 аял каза таап, 2 миңге жакыны жарадар болгонун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM