Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан бийлиги 2025-жылга карата 1,5 млн адамды жакырчылыктан чыгарууну көздөп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 86 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Өзбекстан 2025-жылга чейин «Жакырчылыктан бакубат жашоого» программасы аркылуу 1,5 миллион адамды кедейчиликтен чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Ага ылайык, 2024-жылы 500 миң, 2025-жылы миллион адам жардам алат.

Программанын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айыл чарба жана багбанчылык үчүн 50 миң гектар жер бөлүп берүү пландалууда.

Өзбек бийлиги 2024-2025-жылдары 14 миң гектар жерди бакчага жана 29 миң гектар жерди жүзүмзарга айлантууну көздөп жатат.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылдан тарта жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары бала бакчаларга бекер бара алышат жана бул үй-бүлөлөрдүн окуучуларынын чыгымдары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM