Connect with us

Чаткалда көчкү алдында калгандардын төртөөнүн сөөгү табылды

Кыска кабар | 18 Окт 2024 | 193 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Чаткалда кар көчкү алдында калган алты жарандын төртөөнүн сөөгү табылды. Министрлик 18-октябрда дайынсыз болгон жарандарды издөө иштерин улантууда.

Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болуп жаткан алты жарандын ичинен төртөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди. Калган жарандарды издөө иштери уланууда.

Куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы, куткаруучулар жана атайын техникалар тартылган. Жергиликтүү тургундарга жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө зарыл колдоо көрсөтүлүп, издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда кар көчкүдө калган алты адам изделип жатканы 17-октябрда кабарланган.

9-октябрда 14 адам тоого чыгып, дары чөптөрдү чогулткан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, сегиз адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM