Биз менен байланышыңыз

«Куликов» кондитердик үйүнө 20 млн сом айып салынды

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 175 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Куликов» кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салды. Мындай маалыматты аталган ишкананын директору Денис Гайворонский бир катар маалымат каражаттарына тастыктады.

Маалыматка караганда, ишкана азыр кадимки режимде ишин улантууда.

«Куликов» кондитердик үйүндө салыктык текшерүү өткөн аптада аяктап, жыйынтыктоочу акты түзүлгөн.

Компаниянын башка соода түйүндөрүндө сатылып жаткан, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды эсептен чыгарууга байланыштуу доомат коюлган. Мыйзамга ылайык, мындай товарлар Соода-өнөр жай палатасынын атайын комиссиясынын катышуусу менен жок кылынышы керек. Бирок, күнүмдүк кирешенин аз көлөмүн эске алуу менен, компания бул эрежени дайыма сактай алган эмес жана атайын комиссиянын катышуусуз продукцияны өз алдынча тескеген.

Мамлекеттик салык кызматы бул боюнча комментарий кийинчерээк бериле турганын билдирди.

Быйыл 3-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкектеги «Куликов» кондитердик үйүнүн башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнү белгилүү болгон. Тинтүү учурунда компаниянын кеңсесинен компьютерлер жана документтер алынганы айтылган.

Kaktus media тергөө болжолдуу түрдө салыктык мыйзам бузууларга байланыштуу жүрүп жатканын жана бухгалтерия бөлмөсүнө мөөр басылганын жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM