Биз менен байланышыңыз

Электр тармактарынын күз-кышка даярдыгы текшерилүүдө

Кыска кабар | 26 Сен 2024 | 151 | 0

«‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасында түзүлгөн бир катар комисия 0,4 – 500 кВ  электр тармактарынын күз-кыш мезгилине  өтүүгө даярдыгын текшерүүдө. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Комиссия мүчөлөрү электр тармактарынын ишканаларына чыгып, пландаштырылган иш-чаралардын сапатын, көлөмүн жана өз убагында аткарылышын баалашууда. Бул иш-чаралардын ичине капиталдык курулуш пландарын аткаруу, энергетикалык объекттердин, имараттардын, курулуштардын, автоунааларын ондоо иштерин текшерүү кирет.

Ошондой эле, абанын температурасынын кескин төмөндөшү, муз тоңуу, катуу шамал сыяктуу шарттарда иштин ыкчам жана ишенимдүү аткарылышы талап кылынган башка бир катар пункттарды карап чыгышат.

Комиссиянын курамына Энергетика министрлигинин, Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматынын жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле «‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын техникалык кызматтарынын жетекчилери жана адистери кирген.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жана тиешелүү текшерүү актылары түзүлгөндөн кийин «‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарына күз-кыш мезгилге  өтүүгө даярдык паспорттору берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM