Биз менен байланышыңыз

«Каракол» жаратылыш паркынын 120 гектардан ашык аянты мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 26 Сен 2024 | 147 | 0

«Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын 120 гектардан ашык аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет билдирди.

«2014-жылы «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын конкурстук комиссиясы тарабынан 49 жылдык мөөнөткө 66 лот боюнча ижарага участокторду берүүдө бир катар мыйзамдарды одоно бузуулар, анын ичинде «конкурс өткөрүү тартибин» бузуу, конкурстун катышуучуларынын уюштуруучулар менен аффилирленгендиги, узак мөөнөттүү ижараны берүүдө сыноо мөөнөттөрүн сактабагандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында болжолдуу баасы 120 миллион сомдон ашык болгон 120 гектардан ашык жер жана тилкелер мамлекеттин балансына өткөрдүгү маалым болду.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мыйзамсыз менчиктештрилген объекттер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM