Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров президенттин жоопкерчилиги күчөтүлгөнүн айтты

Кыска кабар | 26 Сен 2024 | 163 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде учурдагы башкаруу системасына ылайык, президенттин жоопкерчилиги күчөтүлгөнүн айтты.

Ал мурда президент көшөгөнүн артында болуп келгенин, ошол себептен 30 жылда 35 өкмөт башчы алмашып, мамлекет алдыга жылбай, бир орунда токтоп турган.

«Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда.

Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет. Көп суур ийин казбайт дегендей жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болбосо болбойт экен. Анархия болуп мамлекетибиз чачырап кете жаздады.

Албетте өкмөт менен парламенттин, сот менен прокуратуранын да өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликтери бар. Ар бири өз иштери үчүн мыйзам чегинде керт баштары менен жооп берет» , — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Жапаров мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу суроого жооп берип жатып, ал кетирген каталарды айткан.

Көп мүлктөр менчикке өтүп кеткенин, айыл чарбасы талкаланганын, ошондой эле эл кубалаганга чейин бийликте отура бергенин белгилеген.

Садыр Жапаровдун айтымында, бир эле адамдын жүзүн кечке көрө берсе адамдар андан тажайт. Ошол үчүн дүйнө жүзүндө президенттердин мөөнөтүн 7 жылга бир жолу же 4-5 жылдан эки жолу шайланат деген эреже бар.

«99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштерин тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт» , — деди Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM