Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы коронавирус илдетинин көрсөткүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 723 | 0

Казакстанда сутка ичинде 1536 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өлкөдөнүн ыкчам штабынын сайтында жазылды.

Казакстан боюнча жалпы 84 миң 648 бейтап коронавирус менен катталды.

Өлкөдө сутка ичинде 1833 адам коронавирустук инфекциядан айыкты. Айыккандардын жалпы саны 54 404 кишини түздү. Жалпы 600дөн ашык адам көз жумган.

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирген.

Коронавирустук эпидемологиялык абул курч болуп тургандыктан Казакстандын билим берүучү жайлары жаңы окуу жылын аралыктан окутуу менен баштайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM