Биз менен байланышыңыз

Орусия коронавирусту аныктоочу 30 миң тест-система берди

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 442 | 0

Орусия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту аныктоочу 30 миң тест-система берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик Бишкекке Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) адистери келгенин белгилеп, алар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, Улуттук госпиталга жана башка бир катар медициналык мекемелерге барганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM